
Жарыяланган
2026-31-08, 15:33Бишкек мэриясы борбор калаада суу жана канализация түтүктөрүн тартуу иштерин кытайлык компанияга берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев журналисттерге билдирди.
Ал Кытайдан Бишкек шаарына инвестиция тартуу боюнча дайыма иш жүргүзүп келишерин белгилеп, анын ичинде кытайлык компанияга борбор калаада суу жана канализация түтүктөрүн тартуу иштерин берүү боюнча пландар бар экенин айтты.
Учурда бул маселе иштелип жатат.
Айбек Жунушалиев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек мэриясы менен кытай тараптын ортосунда кандайдыр бир келишимге кол коюу каралбаганын билдирди.



