
Жарыяланган
2026-31-08, 16:55Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, саламаттык сактоо тармагындагы өнөктөштүк, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык кызматташууну жандандыруу маселелери каралган.
Садыр Жапаров Кыргызстан менен Индиянын кызматташуусунда билим берүү, саламаттык сактоо, фармацевтика жана IT-технологиялар артыкчылыктуу багыт боло аларын айткан.
Нарендра Моди Индия өз ара пайдалуу кызматташтыкты арттырууга жана стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу чыңдоого толук даяр экенин билдирген.



