
Жарыяланган
2026-31-08, 16:21Жол эрежесин бузуп, “Коопсуз шаар” долбоорунун камераларына түшүп калган айдоочулар 2026-жылдын январь-июль айларында бюджетке 1 млрд 506.7 млн сом айыппул төлөдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, быйылкы жарым жылда айыппулдардан бюджетке 1 млрд 241.7 млн сом түшкөн. Ошондо жол эрежесин бузган айдоочулар июль айында эле бюджекте 265 млн сом төккөн.
Жол эреже бузганы камерага түшүп калган айдоочулар 2025-жылдын жети айында болсо өлкө казынасына 778. 1 млн сомдон ашыгыраак айыппул төлөгөн.
Былтыркы жети айга караганда быйылкысында 728.6 млн сомго көбүрөөк акча түшкөн.



