Akchabarsearch
«A» категориясындагы айдоочулук күбөлүктү мамлекеттик автомектептерде окуп алууга болот

Жарыяланган

2026-03-07, 17:36

«A» категориясындагы айдоочулук күбөлүктү мамлекеттик автомектептерде окуп алууга болот

Мотоцикл айдоо үчүн «A» категориясындагы айдоочулук күбөлүктү мамлекеттик автомектептерде окуп алууга болот. Бул тууралуу Унааларды каттоо мамлекеттик борборунан билдиришти. 

Эгер жаран буга чейин айдоочулук күбөлүк албаган болсо, анда ал мамлекеттик мектепке “А” категориясын окууга жазылып, 2 ай окушу керек. Андан кийин теориялык жана практикалык сынактарды тапшырып, айдоочулук күбөлүгүн ала алат. 

Ал эми жарандын B» категориясындагы айдоочулук күбөлүгү болсо, эки ай окуп отурбастан, практикалык сынак тапшырып, «A» категориясын ала алат. Теориялык сынакты тапшыруунун кереги жок. 

«A» категориясы бар жаран мопед, скутерлер үчүн керектүү «A1» категориясын алууну кааласа, ал жанагыдай эле практикалык сынакты тапшырып, аталган категорияны ала алат.  


Тектеш материалды окуу