Akchabarsearch
    Азия өнүктүрүү банкы Камбар-Ата-1 ГЭСине 150 млн доллар бөлүп берүүгө даяр
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2025-05-06, 09:39

    Азия өнүктүрүү банкы Камбар-Ата-1 ГЭСине 150 млн доллар бөлүп берүүгө даяр

    Энергетика министри Таалайбек Ибраев Манилага (Филиппин) болгон иш сапарынын алкагында 4-июнда Азия өнүктүрүү банкынын Борбор жана Батыш Азия боюнча аймактык департаментинин башкы директору Евгений Жуков, Тармактар департаментинин башкы директору Хидеаки Ивасаки, Энергетика боюнча башкы директору Приянта Вижаятунга менен жолугушту. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

    Жолугушууда энергетика тармагындагы кызматташууну тереңдетүү, биргеликте ири долбоорлорду ишке ашыруу жана каржылоо маселелери талкууланган. Анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин курулушун каржылоо тууралуу кеп болгон. 

    Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилиги Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорунун биринчи этабына 130-150 млн доллар бөлүп берүү маселесин кароого даяр экенин билдирген. 


    Тектеш материалды окуу