Жарыяланган
2025-29-05, 09:30Экономика жана коммерция министрлиги цементти социалдык жактан маанилүү товарлардын катарына киргизүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Цемент курулушта колдонулган негизги материалдардын бири болгондуктан, аны наркы турак жай, мектеп, оорукана жана башка социалдык объекттердин баасына таасирин тийгизет. Бирок ал социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмесине кирбегендиктен, мамлекет анын базар баасын көзөмөлдөп, тескей албайт. Тескөөнүн жоктугу цементтин баасынын өсүшүнө алып келди.
Бул токтом долбоору кабыл алынса, цемент социалдык жактан маанилүү товарлардын катарына кирип, мамлекетке цементтин баасын жөнгө салуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт.