Akchabarsearch
Кыргызстан Өзбекстанга эң көп цемент жеткирген өлкөлөрдүн бири

Жарыяланган

2025-18-11, 17:53

Кыргызстан Өзбекстанга эң көп цемент жеткирген өлкөлөрдүн бири

Өзбекстан цемент импорттогон өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан алдыңкы бештикке кирди. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Быйыл январь–сентябрь айларында Өзбекстан 13 өлкөдөн жалпы 72 миң тонна цементти 4.4 млн долларга сатып алган. Анын ичинен Кыргызстандан 2 миң 653 тонна цемент импорттолгон.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 548.1 миң тоннага аз.

Эң көп цемент Кыргызстан, Казакстан, Иран, Тажикстан жана Россиядан импорттолгон.

 


Тектеш материалды окуу