Akchabarsearch
“Айчүрөк” соода борборунун  жанындагы конструкцияны демонтаждоо иштери башталды

Жарыяланган

2026-23-02, 11:09

“Айчүрөк” соода борборунун жанындагы конструкцияны демонтаждоо иштери башталды

Бүгүн, 23-февралда Бишкек шаарында “Айчүрөк” соода борборунун жанында жайгашкан конструкцияны демонтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиршти.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев буга чейин компанияга конструкцияны өз ыктыяры менен демонтаждоо үчүн убакыт берилгенин, бирок алар  тарабынан эч кандай чара көрүлбөгөнүн белгиледи.

“Эгерде компания бир күндүн ичинде демонтаждалган конструкцияларды алып кетпесе, алар Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын айып короосуна жөнөтүлөт”, - деди ал.

Мындан тышкары, мэр Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгына фонтандык конструкциянын жаңыланган долбоорун даярдоону тапшырды. Объектти модернизациялап, аны кыска мөөнөттө калыбына келтирүү үчүн эскизди ыкчам түрдө сунуштоо милдети коюлду.

Эске салсак, 19-февралда мэр Айбек Джунушалиев шаар куруу кеңешинин мүчөлөрү менен бирге Чүй проспектисиндеги курулуш иштерин текшерип чыгып, эгерде компания үч күндүн ичинде демонтаж иштерин баштабаса, анда шаардык кызматтар тартыларын белгилеген.


Тектеш материалды окуу