Akchabarsearch
Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулуш объектиси буздурулду

Жарыяланган

2026-19-02, 11:28

Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулуш объектиси буздурулду

Бишкек шаарындагы Ататүрк атындагы сейил багынын аймагында  Малдыбаев көчөсү, 159 дарегинде  бош жер тилкесине мыйзамсыз курулуп жаткан капиталдык объект демонтаждалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маселе ведомстволор аралык жумушчу комиссия тарабынан каралып чыгып, аталган аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү тиешелүү документтердин жоктугу аныкталган.

Колдонуудагы мыйзамдардын талаптары бузулгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктуу кызматтар тарабынан объектти бузуу иштери уюштурулуп, жүргүзүлдү. Жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.


Тектеш материалды окуу