Akchabarsearch
Бишкекте күркөлөрдү демонтаждоо иштери улантылууда

Жарыяланган

2026-24-03, 13:42

Бишкекте күркөлөрдү демонтаждоо иштери улантылууда

Бишкек шаарында жер  пайдалануу шарттарын бузуу менен жайгаштырылган объектилерди демонтаждоо иштери улантылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясынын чечими менен Патрис Лумумба жана Волков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан объектилер менен түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылды.

Аталган иш-чаралардын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгы жеңил типтеги соода күркөлөрүн демонтаждоого киришти.

Жалпысынан бул тилкеде 12 объект аныкталган. Учурда алардын 4 күркө демонтаждалып, калган 8 объект боюнча иштер уланууда.

Бул иш-чаралар муниципалдык аймакты бошотууга жана шаардык чөйрөдө тартип орнотууга багытталган.

Белгилей кетсек, аталган аймакта Биринчи май райондук администрациясы тарабынан аймакты көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөт.


Тектеш материалды окуу