Akchabarsearch
ЦУМдун жанындагы үч кабат имарат бузулуп, жөө жолдор жана жашыл зона уюштурулат

Жарыяланган

2026-16-03, 14:17

ЦУМдун жанындагы үч кабат имарат бузулуп, жөө жолдор жана жашыл зона уюштурулат

Бүгүн, 16-мартта Айбек Джунушалиев Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсү кесилишинде көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда менчик ээлери мурда курулган конструкцияны демонтаждоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Маалыматка ылайык, бул аймакта фонтандык композицияны калыбына келтирүү жана жашыл аймакты көрктөндүрүү каралган эскиздик долбоор даярдалган. 

Шаар башчысы Айчүрөк ЦУМ жетекчилигине кайрылып, мурда кетирилген каталарды кайталабоого чакырды жана аймакты шаар тургундары үчүн ачык коомдук эс алуу жайы катары сактоо зарылдыгын белгиледи.

Мэр демонтаж иштери аяктагандан кийин аймакты тез арада калыбына келтирүү үчүн акыркы долбоорду шаар куруу кеңешинин жыйынына даярдоону тапшырды.

Ошондой эле шаар башчысы “Ташболот холдинг” өкүлдөрү менен бирге Old Bishkek долбоорунун аймагын текшерди. Бул жерде менчик ээлери үч кабаттуу имаратты бузуу чечимин кабыл алышкан. Шаар тургундарынын пикирин эске алуу менен бул аймакта жөө адамдар үчүн жай жана жашыл зона уюштуруу пландалууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Айбек Джунушалиев шаардык кызматтарга долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле Чүй проспектиси боюндагы бардык объектилер борбор калаанын дизайн-кодуна ылайык келтирилиши керектиги белгиленди.


Тектеш материалды окуу