
Жарыяланган
2026-17-03, 16:32Бишкек шаарында Профсоюз көчөсүнүн уландысын курууга байланыштуу жолго тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Маалыматка ылайык, өткөн жумада көчөнүн боюнан 58 капиталдык тосмо, 17 фундамент, 41 жеңил тосмо, 22 ажаткана, 14 чарбалык курулуш, 2 күркө жана 1 контейнер алынган.
Демонтаж иштерин мэриянын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жүргүзүп, муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди тазалоо улантылууда.



