
Жарыяланган
2026-13-03, 09:16Бишкектеги Ауэзов көчөсүндөгү күркөлөрдүн ээлерине демонтаж тууралуу эскертүү берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ишкерлерге сооданы жүргүзүү үчүн «Чынар» жана «Аламедин » базарларынан альтернативдүү соода орундар сунушталган, бирок шаар тургундары бул сунуштан баш тартышкан.
Белгилей кетсек, 2017-жылы аталган даректе 24 жер тилкеси соода объекттерин жайгаштыруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында бул күркөлөр жашыл зонада жайгашканы аныкталды. Бул аймак жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн каралган.
Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясы аталган соода объекттерин жайгаштыруу боюнча келишимдерди токтотуу чечимин кабыл алды. Ошондуктан күркөлөрдү демонтаж кылууга тийиш.
28-февралда Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы күркөлөрдүн ээлерине ыктыярдуу демонтаж жүргүзүү тууралуу эскертүүлөрдү тапшырган. Бирок ээлери тарабынан эч кандай реакция болгон эмес.



