
Жарыяланган
2026-24-02, 17:15Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндө жайгашкан «Аль Бухари» кафесинин бир бөлүгүн демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаарында жер тилкелерин берүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык, ижара келишими токтотулган. Ушуга байланыштуу объектти бузуу чечими кабыл алынган.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 340 чарчы метр муниципалдык жер аянты бошотулат.
Демонтаж иштери жер пайдаланууда тартип орнотуу жана шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.



