
Жарыяланган
2026-24-02, 15:44Бишкек шаарынын коомдук транспортунда рейддик иш-чаралары улантылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жүргүнчүлөрдүн жол кирени өз убагында төлөөсү жана накталай эсептешкен учурда жол жүрүү талонун алуусу көзөмөлдөнөт.
Рейддер күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт. Орточо эсеп менен күнүнө онго жакын административдик протокол түзүлүүдө.
Жол кирени төлөбөгөндүгү үчүн айып пул 1000 сомду түзөт.



