Akchabarsearch
Бишкекте 17 күч өлчөгүч демонтаждалды

Жарыяланган

2026-25-02, 18:01

Бишкекте 17 күч өлчөгүч демонтаждалды

Бишкек шаарында орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды.

Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат алуу милдеттүү.

Бул иш-чаралар жер пайдалануу тармагында тартипти камсыз кылуу жана шаар аймагын көрктөндүрүү максатында жүргүзүлүүдө. Ушундай эле рейддер жана демонтаж иштер башка райондордо да улантылат.


Тектеш материалды окуу