Akchabarsearch
Айгүл тоосунун жанында Баткен Сити шаарын куруу пландалууда

Жарыяланган

2025-21-04, 17:16

Айгүл тоосунун жанында Баткен Сити шаарын куруу пландалууда

Баткен облусунда Баткен Сити шаарын куруу пландалууда. Бул тууралуу президентин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Жаңы калаа Баткен шаарынан 7 чакырым алыстыкта түштүк-чыгыш тарапта Айгүл тоосунун жанында курулат. Анын аянты 800 гектарга жетип, 100 миң кишиге ылайыкталат. 

Шаарга суу кудук казып, жер алдынан алынат пландалууда. Сугат суу үчүн Каракол каналы салынат жана Төрт-Күл суу сактагычынан суу тартып келүүгө болот. 

Электр энергия менен камсыз кылуу үчүн ар бир турак үйдүн чатырына күн панелдери орнотулат. 

Жаңы шаарда бир катар административдик имараттарды куруу каралган. 


Тектеш материалды окуу