Akchabarsearch
Сейтек Кулубаев Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды

Жарыяланган

2025-07-11, 17:12

Сейтек Кулубаев Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды

Сейтек Кулубаев Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү тескемеге президент  Садыр Жапаров кол койду.

Сейтек Кулубаев буга чейин 2021-жылы Ош облусунун Араван районунун акими болуп эмгектенген.

Ал эми бул кызматты мурда Темирболот Абыкеев аркалап келген.


Тектеш материалды окуу