
Жарыяланган
2026-27-01, 14:36Айыл Банк 2025-жылдын декабрында биринчи жолу 100 000 корпоративдик облигация жайгаштырды, жалпы суммасы 100 млн сом түздү. Ар бир облигациянын номиналдык баасы 1 000 сом болду.
Бул чыгарылыш банк үчүн биринчи тажрыйба болуп, кардарлардын инвестициялык портфелин диверсификациялоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Облигацияларды жайгаштыруу Айыл Банктын финансылык туруктуулугун жана инвесторлор тарабынан жогору бааланган ишенимди тастыктайт.
Айыл Банк финансылык инфраструктураны өнүктүрүүнү жана инвестициялык продуктыларды кеңейтүүнү улантып, экономикасынын өнүгүүсүнө жана финансылык жеткиликтүүлүктүн жогорулатылышына салым кошот.
Улуттук банктын лицензиясы №048

