
Жарыяланган
2026-13-03, 10:22Улуттук банк тарабынан “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу банктын лицензиялары алмаштырылды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мурда “Айыл Банк” деп аталган каржы мекемеси эми “АБанк” ачык акционердик коому деген аталышта иш алып барат. Ошондой эле банктын кыскартылган аталышы “АБанк” ААК болуп өзгөртүлдү.
Мындан тышкары, банктын аталышы расмий жана англис тилдеринде да жаңыланды. Расмий тилде ОАО “АБанк”, ал эми англис тилинде OJSC “ABank” деп аталат.
Лицензиялардын алмаштырылышы банктын фирмалык аталышы өзгөргөнүнө байланыштуу жүргүзүлгөнү белгиленди.


