Жарыяланган
2025-04-07, 09:24Айыл Банк онлайн жана негизги кредиттик продукттар боюнча жаңыланган шарттарды сунуштап, аларды быйылкы жылдын аягына чейин, ал эми онлайн кредиттер боюнча атайын шарттарды 2025-жылдын 1-октябрына чейин узартты.
Жаңыланган шарттар бардык кардарлар үчүн кредиттик продукттарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга багытталган. Фермердик чарбаны өнүктүрүү, бизнес ачуу, турак жай сатып алуу же керектөөгө болобу — эми ылайыктуу кредит алуу кыйла жеңилдеди. Айрыкча аялдарга, өзүн-өзү иш менен камсыз кылгандарга, жаш адистерге жана аймактардагы жашоочуларга колдоо көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулган.
Кардарларга ондон ашык багыт боюнча көбөйтүлгөн кредит суммалары жеткиликтүү, алардын ичинен:
Онлайн кредит
Онлайн кредит алуу мурдагыдан дагы жеңилдеди. Максималдуу сумма — 250 000 сомго чейин, жылдык чен — 17%, жеке ишкерлер үчүн — 15%. Атайын шарттар 2025-жылдын 1-октябрына чейин күчүндө болот.
Ипотекалык программалар
Айыл чарба жана бизнес үчүн АБ Лизинг:
Айыл Банк өз миссиясын улантат — өлкө боюнча каржылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, аймактардын туруктуу өнүгүшүн колдоо жана адамдарга жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшүү максатында жөнөкөй, адилеттүү жана жеткиликтүү чечимдерди сунуштайт.
Кененирээк маалыматты жакынкы Айыл Банк кеңсесинен же ab.kg расмий сайтынан ала аласыз.
Улуттук банктын лицензиясы №048.