Akchabarsearch
    Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барды

    Жарыяланган

    2025-03-07, 17:54

    Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барды

    Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда Азербайжанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди. 

    Жапаровдун учагы Физули шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Аэропорттон аны  Азербайжандын маданият министри Адиль Керимли жана башка расмий адамдар тосуп алды. 

    Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитине, ошондой эле Азербайжандын Агдам районундагы «Айкөл Манас» мектебинин расмий ачылыш аземине катышат.


    Тектеш материалды окуу