Akchabarsearch
Ысык-Атада мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды

Жарыяланган

2026-15-06, 09:17

Ысык-Атада мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды

Чүйдүн Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылында мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, бир жарандар айылдагы суунун нугунан кум-шагылды эч бир уруксатсыз казып алышкан. Ага байланыштуу аларга Укук бузуулар кодексине ылайык, 10 миң сом айып салынган.

Аны менен катар аталган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 
 


Тектеш материалды окуу