Akchabarsearch
Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштырууга дагы бир мүмкүндүк берилет

Жарыяланган

2026-04-06, 09:53

Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштырууга дагы бир мүмкүндүк берилет

Былтыр чет элдик номерлүү унааларын мыйзамдаштырууга үлгүрбөй калган жарандарга темир тулпарларын мыйзамдаштырууга дагы мүмкүндүк берилет. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. 

Жарлыкта айтылгандай, мыйзамдаштыруу жараяны 1-сентябрга чейин уланат.  Бул жолу унааларын мыйзамдаштырууга жетишпей калгандарга башка мүмкүндүк берилбейт. Кыргызстанга 2024-жылдын 31-декабрына чейин алып келинген чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштырууга болот. 

Чет элдик номерлүү унаа ээлери 1-сентябрга чейин темир тулпарын мыйзамдаштыра алат. Болбосо унаасын өлкөдөн чыгарып кетсе же тетиктерге бөлүп сатса болот. Кааласа темир тулпарын утилицизацияга бере алат. 

Аталган талаптардын бирин аткарбагандардын унаалары айып короосуна коюлуп, кийин соттун чечими менен утилицизацияга жөнөтүлөт. 


Тектеш материалды окуу