Akchabarsearch
    Айыл чарба жерлерине 2030-жылга чейин салык төлөнбөйт

    Жарыяланган

    2025-19-08, 17:19

    Айыл чарба жерлерине 2030-жылга чейин салык төлөнбөйт

    Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков видеомаекте айыл чарба тармагындагы ишкерлер үчүн салыктык жеңилдиктер киргизилгенин билдирди.

    Өзгөртүүлөргө ылайык:

    - Айыл чарба жерлери үчүн жер салыгынан бошотуу 2030-жылга чейин узартылды.
    - Мал саткан ишкерлер кошумча эсептелген салыктын 20%ын төлөсө, калган бөлүгү, туум жана айыптар кечирилет.
    - Эгер ишкердин салыктан качууга байланыштуу сот өкүмү болсо, жеңилдиктер каралбайт.

    Ысабековдун айтымында, мындай чара фермерлерде керектүү документтердин, айрыкча электрондук эсеп-фактуралардын жоктугунан улам кабыл алынган.

    Белгилей кетсек, 2025-жылдын жети айында айыл чарба тармагынан 676,6 млн сом салык түшкөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 89,9 млн сомго көп. Салыктык түшүүлөр жыл сайын өсүүдө: 2023-жылы 818,8 млн сомду түзсө, 2024-жылы 1 млрд 40 млн сомдон ашкан.

    Эске салсак, КРнын Президенти Садыр Жапаров калкка жана ишкерлерге салык жүгүн азайтуу максатында мыйзамга кол койгон.

    Аталган мыйзамда бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, экономиканы колдоо жана өлкөнүн өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүчү салыктык жеңилдиктер каралган.

     


    Тектеш материалды окуу