Akchabarsearch
    Жаңы-Пахта айылынын таза суу маселесин чечүү боюнча иштер жүрүүдө

    Жарыяланган

    2025-18-08, 17:55

    Жаңы-Пахта айылынын таза суу маселесин чечүү боюнча иштер жүрүүдө

    Чүйдүн Жаңы-Пахта айылынын таза суу маселесин чечүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

    Министрлик белгилегендей, таза суу Жаңы-Пахта айылын тургундарынын негизги көйгөйлөрүнүн бири. 

    Бул маселени чечүүнүн үстүндө "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси иш алып барып, 200 млн долларлык долбоор ишке ашырылууда. Мындан тышкары, долбоорлоо иштерине 4 млн доллар гранттык каражат бөлүнгөн.

    Учурда техникалык, финансылык жана керектүү документтер даярдалып, тендер өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө. Андан соң курулуш иштери башталат. 

    Курулуш иштери аяктагандан кийин Жаңы-Пахта жана Мирный айылдарынын 5 миң 733 тургуну таза суу менен камсыз болот.


    Тектеш материалды окуу