Жарыяланган
2025-23-09, 13:45Лейлек районунун дыйканы Сейитбек Полотов 2 гектар аянтка “Филин” сортундагы пияз эгип, 113 тонна түшүм жыйнаган. Натыйжада дыйкан 1.5 млн сомго жакын киреше тапты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Аталган ийгилик “3+2+1” программасынын алкагында ишке ашырылып, аталган министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан дыйканга үрөн, жер иштетүү жана агротехникалык жактан колдоо көрсөтүлгөн.
“Филин” сорту суукка чыдамдуу, узак сактоого ылайыктуу жана базарда суроо-талап жогору. Быйыл пияздын дүң баасы 24 сомго чейин жетип, дыйкандар үчүн кирешенин көбөйүшүнө шарт түздү.
Учурда бул пияз республикадагы ички керектөөнү камсыздоо менен бирге, Россияга, Казакстанга жана башка коңшу мамлекеттерге экспортко чыгарылууда.