
Жарыяланган
2026-06-03, 15:48Өлкө боюнча айылдарды таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу иштери күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Министр Эрлист Акунбеков белгилегендей, айрым айылдарда тарифтер суу системаларын иштетүүгө кеткен чыгымдарды толук жаба албай жатат. Мунун айынан жабдууларды өз убагында оңдоо жана тейлөөдө кыйынчылыктар жаралууда.
Ушуга байланыштуу суу кызматтарын туруктуу камсыз кылуу үчүн тарифтерди жөнгө салуу маселеси каралууда. Эгер тариф кызматтын өздүк наркынан төмөн болсо, айырмасы жергиликтүү же республикалык бюджеттен субсидия аркылуу жабылышы мүмкүн.
Министрлик жарандарды ичүүчү сууга аяр мамиле кылып, аны үнөмдүү пайдаланууга чакырат.


