Akchabarsearch
Айыл чарба министрлигине 44 кызматтык унаанын ачкычы тапшырылды

Жарыяланган

2025-31-12, 09:35

Айыл чарба министрлигине 44 кызматтык унаанын ачкычы тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Айыл чарба министрлигине 44 кызматтык автоунаанын ачкычын тапшырды. 

Бул унаалар мамлекеттик бюджеттен 92.6 млн сомго сатып алынган.

Касымалиев мамлекеттик саясатта агрардык тармак-реалдуу сектордун башында тураарын, анын башкы кыймылдаткыч күчү экенин билдирди. 

“Агрардык сектор өнөр жайды азыктандырып турган башат болуп эсептелет. Кыргызстанда мезгилдүү жана мезгилдүү эмес туруктуу – кайра иштетүүчү ишканалардын саны 425ке жетти. Президенттин тапшырмасы менен жылда 100дөгөн ишканалар ачылууда. Быйыл 119 ишкана ачылды. Анын ичинен  53%зы же жарымынан ашыгы айыл чарбасы жана кайра иштетүүгө байланышкан ишканалар болду”, — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы. 
 


Тектеш материалды окуу