
Жарыяланган
2026-06-04, 14:35Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектептин курулушу аяктады. Азыркы учурда айланасын көрктөндүрүү иштери аткарылууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, билим уясы заманбап үлгүдө, ири панелдүү типте салынды. Анда кең класстар, лабораториялар, эмгек кабинеттери, дарыгердин бөлмөсү, информатика классы, китепкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.
Курулуш иштери 2025-жылы башталып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, Ак-Ордо конушунда дагы 2 чоң мектеп курулуп жатат.
