Akchabarsearch
Ак-Ордо конушунда дагы бир 750 орундуу мектеп курулууда
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-06-07, 13:18

Ак-Ордо конушунда дагы бир 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда дагы бир  3 кабаттуу 750 орундуу мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Долбоорго ылайык, анда окуу кабинеттеринен тышкары лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгекке үйрөтүү кабинеттери жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашат.

Белгилей кетсек, мектептин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имараттын негизги конструкциялары бүткөрүлүп, чатырын жабуу иштери жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында мектеп жетишсиздиги жаралган райондордо жана жаңы конуштарда мектептерди куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Анын алкагында:

·  Октябрь районунда - 6 мектеп
·  Ленин районунда - 6 мектеп
·  Биринчи Май районунда - 5 мектеп
·  Свердлов районунда - 3 жаңы мектеп курулууда.
 


Тектеш материалды окуу

Ак-Ордо конушунда дагы бир 750 орундуу мектеп курулууда Акчабарда