
Жарыяланган
2025-22-12, 14:40Нарын облусунун Ак-Талаа районунда заманбап мал семиртип бордоо жана мал союу комплекси ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Комплекс 200 баш бодо малды (уй,жылкы) жана 1500 баш майда жандыкты (кой,эчки) багып семиртүүгө, ошондой эле суткасына 100 баш мал союуга ылайыкталган. Ишкана заманбап санитардык жана ветеринардык талаптарга толук жооп берет.
Акыркы жылдары айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө көңүл бурулуп, мындай ишканалар аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүп, дыйкан-фермерлер үчүн туруктуу рынокту камсыздоого жардам берүүдө.
Жаңы комплекс Ак-Талаа районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошот.

