
Жарыяланган
2025-28-11, 16:01Быйыл 6-ноябрга карата “Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү” долбоору боюнча 97 субъектиге 324.4 млн сом жеңилдетилген кредит берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Бул жеңилдетилген кредитти берүүгө “Айыл банк” жана “Элдик банк” катышууда. Анда бериле турчу кредиттин суммасы 1.8 млрд сомду түзөт.
Белгилей кетсек, 2-октябрга карата жеңилдетилген кредитти 56 субъект алган жана суммасы 196.48 млн сомду түзгөн. Демек, бир ай ичинде кредит алгандардын саны 41 субъектиге көбөйүп, берилген сумма 127.9 млн сомго жеткен.



