
Жарыяланган
2025-03-09, 10:47Кыргызстанда үрөнчүлүк жана питомниктерди өнүктүрүү максатында “Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү жана питомниктерди өнүктүрүү” долбоору бекитилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-майындагы №416-т токтому менен бекитилген бул долбоордун алкагында “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКлары катышууда, аларды кредиттөөнүн суммасы 100 млн сомду түзөт.
Быйыл 21-августта бул долбоордун алкагында республика боюнча бир каржылоо субъектиси 1.5 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредит алды.



