Akchabarsearch
Акылбек Жапаров "Крипта Азия" компаниясын ачты

Жарыяланган

2025-22-04, 18:23

Акылбек Жапаров "Крипта Азия" компаниясын ачты

Кыргызстанда жаңы "Крипта Азия" аттуу компания түзүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин сайтында айтылат. 

Компаниянын түзүүчүсү жана директору катары Жапаров Акылбек Үсөнбекович көрсөтүлгөн. Анын аты-жөнү Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысыныкы менен толук дал келет.  

Аталышына караганда бул компания криптовалюта менен иштеши мүмкүн.  

"Крипта Азия" жакында эле, 9-апрелде каттоодон өткөн. 


Тектеш материалды окуу