
Жарыяланган
2026-06-11, 11:24Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүн ички дүң продукциянын өсүшү жана банктардын капиталы менен гана эмес, үй-бүлөлөрдүн финансылык мүмкүнчүлүктөрү аркылуу да баалоо керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 6-ноябрда өтүп жаткан FinConference 2026 конференциясында билдирди.
Анын айтымында, жарандар үчүн үй-бүлө канча убакытта турак жай сатып ала алары, жеке ишкерликти баштоого, балдарына билим берүүгө жана акча топтоого канчалык мүмкүнчүлүгү бар экени маанилүү.
Жапаров эгемендүүлүк жылдарында өлкөнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейгенин белгиледи. Мурда мамлекеттин негизги милдеттеринин бири пенсия сыяктуу күнүмдүк төлөмдөргө каражат табуу болсо, азыр колдо болгон ресурстарды натыйжалуу пайдалануу маанилүү болуп калды.
Анын айтымында, мамлекет инвестиция жана ишкерлик үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, банктар ишенимдүү финансылык кызмат көрсөтүшү керек. Ал эми мыйзам ар бир жарандын менчигин саясий кырдаалга карабастан бирдей коргоого тийиш.
Ошондой эле Жапаров жарандарды өз мүлкүнөн мажбурлап баш тарттырууга жол берилбеши керектигин белгиледи.
Ал белгилегендей, мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшү ар бир кыргызстандын жаранынын келечекке болгон ишенимин жана финансылык туруктуулугун бекемдөөгө багытталышы керек.



