Akchabarsearch
Жылуулук насосу менен жылытуу — көмүргө кеткен чыгымдан 30 миң сомдон ашык үнөмдөйт
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2026-17-09, 10:00

Жылуулук насосу менен жылытуу — көмүргө кеткен чыгымдан 30 миң сомдон ашык үнөмдөйт

Суук күндөр жакындап келатат. Андыктан үйдү жылытуунун камын азыртан көрүү зарыл. Суроо-талап күчөгөн мезгилде көмүр кымбаттап, аны сатып алууга жана жеткирүүгө кошумча чыгым  талап кылынат. 

Жылуулук насосу — экологиялык жактан таза жана үнөмдүү чечим. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары аны орнотуу үчүн Финансы министрлигинин «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагындагы мамлекеттик жеңилдетилген насыядан пайдалана алышат.

Насыянын шарттары:

  • Суммасы: 1 млн сомго чейин;
  • Пайыздык чени: жылдык 6%;
  • Мөөнөтү: 5 жылга чейин.

Насыяны «АБанк» ААК, «Элдик Банк» ААК жана «Бакай Банк» ААК аркылуу тариздөөгө болот.

Жылуулук насосу көмүр сатып алуу, күл чыгаруу жана мешти күн сайын жагуу түйшүгүнөн арылтып, жылытууга кеткен чыгымды кыйла азайтууга мүмкүндүк берет.

Божомолдуу эсептөөлөргө ылайык, аянты 100 м² болгон үйдү 150 күнгө созулган жылытуу мезгилинде жылытууга кеткен чыгымдар төмөнкүдөй болот:

  • Жылуулук насосу — болжол менен 8 миң сом;
  • Көмүр менен жылытуу — болжол менен 32 миң 500 сом;
  • Электрэнергиясы менен жылытуу — болжол менен 39миң сом;
  • Газ менен жылытуу-болжол менен  32 миң 900 сом.
Демек, жылуулук насосун колдонуу менен бир  кышта  болжол менен 24 миң 500 сомдон 32 миң900 сомго чейин үнөмдөөгө болот. Бул эсептер болжолдуу түрдө берилди. Иш жүзүндөгү чыгым үйдүн жылуулукту сактоо деңгээлине, аба ырайына жана жабдуунун техникалык өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн.

Жабдууну суук түшкөнгө чейин орнотуп алуу үчүн  АБанк», «Элдик Банк» же «Бакай Банк» банктарынын бирин алдын ала кайрылып, насыя алуу талаптарын тактап алуу сунушталат.


Тектеш материалды окуу