
Жарыяланган
2026-21-09, 11:48Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кожо-Ата айылында «Бакча» айыл чарба кооперативине караштуу соода-логистикалык борбор ачылды. Анын ачылыш аземине айыл чарба министринин орун басары Рысгүл Акимжанова катышты.
Борбор мөмө-жемиштерди сактоого ылайыкташып, жылына 300 тоннага чейин продукцияны сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Акимжанова мындай борборлор жергиликтүү дыйкандарга продукцияны сактоо, сорттоо, таңгактоо жана экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
Анын айтымында, мындай долбоорлор айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү көбөйтүүгө, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана аймактарда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.
Иш-чарага Аксы райондук администрациясынын, айыл өкмөттөрдүн, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

