
Жарыяланган
2025-07-11, 13:55Кыргызстан менен Кытай агроөнөр жай тармагында кызматташууну кеңейтүүнү макулдашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Бул талкуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Ганьсу провинциясынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин Төрагасынын орун басары Хо Вэйпин баштаган делегациянын катышуусунда болду.
Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана-карагана бадалды жок кылып, аны тоют жана жер семирткич чыгарууга кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишкана куруу сунушталды.
Ошондой эле, картошка өстүрүүдө Кытайдын атайын техникалары колдонулуп, тажрыйба алмашуу жана адистерди даярдоо пландалууда.
Эки өлкөнүн былтыр соода жүгүртүүсү 23 млрд доллар болсо, быйылкы тогуз айда 22 млрд долларга жетти. Себеби айыл чарба продукцияларын экспорттоо эки эсеге өстү.
