Жарыяланган
2025-24-04, 15:48Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акиминин мурдагы биринчи орун басары С.Б. (Бектур Сагымбаев) мамлекетке 44,2 млн сом зыян келтирген деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
ИИМдин маалыматы боюнча, 2018-жылы Сагымбаев акимдин орун басары болуп турганда, "Жер участокторун которуу жөнүндө" мыйзамды бузуп, мамлекеттик дарыкананын 70 сотых жеринин багытын өзгөртүп, ал турак жай куруу үчүн жеке адамдарга берилип кеткен. Анын айынан мамлекетке 44 млн 274 миң сомдон ашык зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иштин алкагында Ала-Бука районунун акиминин мурдагы биринчи орун басары, азыр Таластын Айтматов районунун акими кызматын ээлеп турган Бектур Сагымбаев кармалган.
Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Сагымбаев 2012-2021-жылдары Ала-Бука районунун акиминин биринчи орун басары кызматын аркалап, 2021-жылдын май айынан тартып Айтматов районунун акими болуп иштеп келе жаткан.