Жарыяланган
2025-30-04, 16:58Ички иштер министрлигинин Академиясында бюджеттик негизде билим алып, кийин ички иштер органдарында иштебей койгон же өз күнөөсү менен окуудан чыгарылган курсанттардан окуу акысын төлөөтүп алуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
ИИМдин маалыматы боюнча, алардын Академиясы укук коргоо органдары үчүн адистерди даярдап келет. Окуу жайда билим берүү акысыз жүргүзүлөт.
Министрлик белгилегендей, мамлекет курсанттарды окутууга акча бөлүп, билим алууга шарт түзүп жаткандан кийин алар келечекте ички иштер органдарында кызмат өтөйт деп күтөт. Бирок айрым учурда курсант өз күнөөсү менен окуудан чыгарылат же окууну аяктаса да, ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн баш тартат. Бул бир катар маселе жаратат. Биринчиден, курсантты окуудан чыгаруу бюджеттик каражаттарын натыйжасыз сарпталышына алып келет. Экинчиден, курсант окууга тапшырып жатканда, белгилүү бир шарттарга макул болот. Бирок кийин андан баш тартканда жоопкерчилик принциби бузулат. Үчүнчүдөн, окуудан чыгарылган курсанттын орду бош калат. Бирок анын ордуна башка бирөө тапшырганда, ал окууну ийгиликтүү аяктап, ички иштер органына керектүү адис болуп чыкмак деген жагдай бар.
Ошондой эле окууну аяктаган жаш адистердин башка тармакка иштегени кетип жатышы кадрларды жаңылоодо маселе жаратат.
Мындан улам ИИМ курсант өз күнөөсү менен окуудан чыгарылса же окууну аяктагандан кийин ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн баш тартса, окуу акысын төлөтүп алуу механизмин киргизүүнү сунуштоодо. Министрлик аталган механизм иштеп баштаса, курсанттар азыркыдан жоопкерчиликтүү болот, бюджеттик каражаттардын натыйжасыз сарпталышы азаят жана кадр маселеси да жөнгө салынат деген пикирде.