Akchabarsearch

Жарыяланган

2025-01-12, 09:31

ИИМ: Шайлоодо коомдук тартипти одоно бузуу фактылары катталган жок

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда коомдук тартип бузууларга жол берилген жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коомдук тартипти сактоо, шайлоо участокторунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ИИМдин бардык аймактык бөлүмдөрүнүн күчтөрү жана каражаттары тартылды.

Милиция кызматкерлери тартипти шайлоо участокторунун ичинде жана анын сыртында да камсыздап, мыйзам талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөп, шайлоо процессин бузууга багытталган аракеттерге бөгөт коюшту.

Ыкчам штабдар берген маалыматтарга ылайык, добуш берүү мезгилинде коомдук тартипти одоно бузуу фактылары катталган жок, өлкөнүн бардык аймактарында абал туруктуу.


Тектеш материалды окуу