
Жарыяланган
2026-05-03, 14:38Ички иштер министрлиги жол кыймылынын эржелерин бузган айдоочулардан жеринде планшет менен тест алууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, тийиштүү тапшырманы Ички иштер министрлигине президент Садыр Жапаров бул демилгеге карата коомчулук тарабынан ынанымдуу сын-пикирлер айтылганын эске алып берди.
Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, депутаттар тарабынан сынга алынган. Жыйынтыгында долбоорду кароо күн тартибинен алынган.


