akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-02-05, 15:23

    Милиция мыйзамсыз онлайн казино уюштурган деп чет элдиктерди кармады

    Кыргызстанда мыйзамсыз онлайн казино уюштурган деп шектелип чет элдиктер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. 

    Маалыматка ылайык, Бишкекте чет элдиктер ижарага алган үйдө "Покер" онлайн-казиносун иштетип жүргөн. Милиция алар турган үйгө барып тинтүү жүргүзүп, бир нече жабдык (системалык блоктор, спутник антенналар ж.б.), 23 уюлдук телефон, ноутбуктар, планшеттер табылын алынган. 

    Ошондой кармалгандардан Монголиянын жарандарынын паспорттору табылган. 

    Учурда алардын иш-аракетинен Кыргызстандын жарандарына канча зыян келгенин аныктоо иштери жүрүүдө. 


    Тектеш материалды окуу