Akchabarsearch
Аламүдүндө баасы 111 млн сом болгон социалдык объект мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2025-03-12, 11:06

Аламүдүндө баасы 111 млн сом болгон социалдык объект мамлекетке кайтарылды

Аламүдүндө социалдык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө Аламүдүн районундагы «Золотой колосок» бала бакчасынын имараты жана анын 1 гектар  жер тилкеси мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлбөгөнү аныкталган.  Тартипти бузуу менен жеке тараптар тарабынан пайдаланылган.

Социалдык объекттин баасы 111 млн 93 миң сомго бааланган. Бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мыйзамдын талаптарына ылайык, мамлекеттин менчигине кайтарылды.


Тектеш материалды окуу