
Жарыяланган
2025-25-12, 12:03Аламүдүндө экологиялык мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, текшерүүдө “С”, “АКП”, “ЖКД” жана “АП” ЖЧКдор тарабынан кум-шагыл аралашмасы жуулган кир суулар, эч кандай филтирлөө, тазалоо процедурасы жүргүзүлбөстөн, жерге жайылып, жаратылыш булганып, айлана чөйрөгө зыяны тийип жаткандыгы аныкталган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын маалыматына ылайык, кир сууну агызуу учурунда айлана чөйрөгө келтирилген зыяндардын эсеби такталып, жалпы 7,1 млн сомду түзгөн.
Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



