Akchabarsearch
Аламүдүндө минералдык суу чыккан жер мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2025-03-12, 15:45

Аламүдүндө минералдык суу чыккан жер мамлекетке кайтарылды

Чүйдүн Аламүдүн районунда минералдык суу чыккан жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. 

Аталган жердин аянты 3.12 гектарды түзөт. Ал жерден чыккан минералдык суу менен Таш-Мойнок айыл аймагындагы “Тёплые ключи” ден соолукту чыңдоо комплекси камсыз болот. 

Ал жер 1998-жылы “КС” компаниясына мыйзамсыз өтүп кеткен.

Териштирүү иштеринин натыйжасында аталган жер мамлекетке кайтарылды. Анын баасы 442.5 млн сомду түзөт. 


Тектеш материалды окуу