
Жарыяланган
2025-03-12, 15:54"Автовнештранс" ишканасынын Ысык-Көлдөгү бөлүмү мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Автовнештранс" Ысык-Көл бөлүмүнүн мамлекеттик ишканасын менчиктештирүүдө коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча текшерүү жүргөн. Анда жалпы аянты 7245,74 чарчы метр мүлктүк комплекске жана аянты 50 миң 414 чарчы метр жер участогу текшерилген.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча менчик ээси мүлктүк комплекстерге жана жер участокторуна ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, аларды мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен кайтарып берди.



