Akchabarsearch
Ысык-Көлдөгү «Дружба» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды

Жарыяланган

2025-12-11, 16:24

Ысык-Көлдөгү «Дружба» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Дружба» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларда кылмыштуу топтордун лидерлерин каржылоого байланыштуу маалыматтар алынган. Анын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кутургу айылында жайгашкан «Дружба» эс алуу борборунун мүлктүк комплекси Министрлер кабинетине караштуу «Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин» балансына кайтарылды. Анда жалпы аянты 4,5 гектар жер тилкеси жана 16 көрктөндүрүлгөн коттедждер, ошондой эле спорт аянтчалары, футбол аянтчасы жана ресторан орун алган. 

Учурда УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан мыйзамсыз алынган мүлктү аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.
 


Тектеш материалды окуу