Akchabarsearch
Тоң районунда мектепке тиешелүү жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2025-14-11, 16:03

Тоң районунда мектепке тиешелүү жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Тоң районунда мектепке тиешелүү жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта Аксай айылында жайгашкан Ж.Турусбеков атындагы орто мектебине тиешелүү 1 989,31 м² жер тилкеси 2002–2003-жылдары мурдагы Күн-Батыш айыл өкмөтү тарабынан мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталганы жазылган.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, жалпы баасы 1,9 млн сомду түзгөн аталган жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылды.


Тектеш материалды окуу